Топрак Разгатлыоглу Индонезияда экинчи орунду алды

Улуттук мотоцикл жарышчысы Топрак Разгатлыоглу дүйнөлүк супербайк чемпионатынын Индонезиядагы этабындагы  жарышка подюмга экинчи болуп чыкты.

1954793
Топрак Разгатлыоглу Индонезияда экинчи орунду алды

Улуттук мотоцикл жарышчысы Топрак Разгатлыоглу дүйнөлүк супербайк чемпионатынын Индонезиядагы этабында  жарыштан экинчи болуп чыкты.

Индонезиядагы Pertamina Mandalika трекинде жуманын акырындагы биринчи жарышын Pata Yamaha Prometeon командасы менен полюстен баштаган Red Bull спортчусу Топрак Разгатлыоглу экинчи орунду алды.

Дукатинин айдоочусу Альваро Баутиста биринчи, ал эми Pata Yamaha Prometeo командасынын дагы бир айдоочусу Андреа Локателли үчүнчү болду.

Бул жарыштан кийин Дукатинин айдоочусу Альваро Баутиста 87 балл менен биринчи, Ямаханын айдоочусу  Андреа Локателли 50 балл менен экинчи, Ямаханын улуттук мотоциклчиси Топрак Разгатлыоглу болсо 43 балл менен үчүнчү болду.

Жарыштан кийин билдирүү жасаган Разгатлыоглу: "Абдан кыйын жарыш болду. Алдыңкы дөңгөлөктөрдүн күчү 8 - 9 - айлампада бир топ төмөндөдү. Мен жакшы абалда болууга аракет кылдым, бирок бул жерде болуу кырсыкка учурагандан дагы жакшы",- деди. 

 



Тектеш кабарлар