А улуттук курама командасы Латвияга жеңилди
А улуттук эркектер баскетбол командасы ФИБА 2023 дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун 5 - турунда Латвияга 83-74 эсебинде жеңилди.
1951464
А улуттук эркектер баскетбол командасы ФИБА 2023 дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун 5 - турунда Латвияга 83-74 эсебинде жеңилди.
А улуттук курама командасынын оюнчулары Кахраманмараш жер титирөөлөрүндө каза болгондор үчүн оюнга кара түстөгү форма менен чыгышты.
Беттештин башында жер титирөөдө каза болгондор үчүн бир минуталык эскерүү болду.
Биринчи чейректен 26 - 23 эсебинде өткөн Латвия беттештин биринчи бөлүгүн 49 - 46 эсебинде аяктады.
Үчүнчү чейректи ылдам баштаган Латвия акыркы периодго 70 - 53 эсебинде алдыда кирди.
Төртүнчү чейректе Латвия беттешти 83-74 эсебинде утту.
Эки команданын ортосундагы биринчи беттешүүдө Латвия 111 - 85 эсебинде жеңишке жеткен.
Түркиянын FIBA 2023 дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүгү жок.