Демиралдын жардам акциясына Дибаладан колдоо...
Пауло Дибала Мерих Демиралга акцион аркылуу сатуусу үчүн форма жөнөттү.
1944126
Италия А Сериясынын командаларынан Римде ойногон аргентиналык жылдыз Пауло Дибала улуттук футболчу Мерих Демирал тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн уюштурулган жардам акциясына катышты.
Мерих Демирал социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Бираз мурда тууганым Пауло Дибала менен сүйлөштүк. Аргентина элинин атынан кайгысын билдирип, биз менен экенин айтты. Ал форма жөнөтүп аукцион аркылуу Достор Ассоциациясына кайрымдуулук кылынышын өтүндү»,-деди.
Улуттук футболчу, буга чейин португалиялык жылдыз Криштиану Роналду менен италиялык коргоочу Леонардо Бонуччинин кол коюлган футболкаларын кайрымдуулук аукциону аркылуу саткан.