Касапоглу: "Түркия спорт туризминде брендге айланды"

Министр Касапоглу Антальядагы Белек туризм борборунда өткөрүлгөн Түркия шахмат чемпионатынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1936498
Касапоглу: "Түркия спорт туризминде брендге айланды"

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Түркиянын азыр спорт туризминде бир бренд экенин айтты.

Министр Касапоглу Антальядагы Белек туризм борборунда өткөрүлгөн өспүрүмдөр арасында Түркиянын шахмат чемпионатынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Касапоглу өткөн жылы 200дөн ашуун эл аралык спорттук иш-чарага кожоюндук кылган Түркиянын, учурда спорт туризминде бренд болгонун баса белгиледи.

«Түркиянын өзгөрүү тарыхы бар. Акыркы 20 жылда президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өнөр жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана инфраструктура баш болгон ар тармакта өзгөрүүлөр болду. Ошол өзгөрүүлөрдүн бири да спортто ишке ашты» деген министр Касапоглу, суу спортунан кышкы спортко, жеке тармактардан командалык спортко чейин бардык тармакта күчтүү инфраструктураны жана күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөндөрүн белгиледи.

«Түркия азыр спорттук туризмде бренд болуп калды. Анталья да бул бренддердин бири», деп айткан Касапоглу: «Түркия эл аралык иш чараларда суранган өлкө эмес, артыкчылыктуу жана өз тандоосун өзү кылган өлкө»,-деди.



Тектеш кабарлар