Пеле акыркы сапарына узатылды
Пелени ташыган унаа уулунун каза болгонунан кабарсыз 100 жаштагы энесинин үйүнүн алдынан өттү.
Пеленин сөөгү карьерасынын көпчүлүк бөлүгү өткөн Санто шаарындагы стадионду карап турган көрүстөнгө коюлду.
Өткөн бейшемби күнү каза болгон бразилиялык футболчунун сөөгү Сантос стадионунда 24 саат бою коомчулукка ачык болду. Күйөрмандары спортчу менен коштошууга мүмкүнчүлүгүн табышты. Пеле менен коштошуу үчүн стадмионго 230 миң кишинин келгендиги билдирилди.
Пеленин жаназа зыйнатына Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышты. Пелени ташыган унаа уулунун каза болгонунан кабарсыз 100 жаштагы энесинин үйүнүн алдынан өттү.
Чектелген катышуу менен өткөрүлгөн жаназадан кийин Пеленин сөөгү Сантос стадионун караган тик көрүстөндүн 9 - кабатына коюлду.
Тектеш кабарлар
Уиллис Рид 80 жашында каза болду
Риддин 19 номерлүү формасы Никс тарабынан 1982 - жылы Баскетболдун даңктуулары музейине коюлган.