"Кара бермет" үчүн жаназа зыйнаты

29-декабрда дүйнөдөн кайткан легендардуу бразилиялык футболчу Пелени акыркы сапарга узатуу аземи карьерасы башталган Сантос шаарындагы Вила Бельмиро стадионунда өттү.

1927247
"Кара бермет" үчүн жаназа зыйнаты
pele cenaze 5
pele cenaze 4
pele cenaze 3
pele cenaze 2

29-декабрда дүйнөдөн кайткан легендардуу бразилиялык футболчу Пелени акыркы сапарга узатуу  карьерасы башталган Сантос шаарындагы Вила Бельмиро стадионунда өттү.

82 жашында каза болгон Пеленин сөөгү узун конвой менен коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда стадионго алып барылды.

Вила Бельмиро стадионуна ачык табытта алынып келинген Пеленин сөөгү эртең мененкиге чейин күйөрмандардын зыяратына ачык болот. Жолдо  күйөрмандары Пелеге таазим кылышты. Таң эртеден баштап миңдеген күйөрмандары Пеле менен коштошуу үчүн стадиондун алдында узун кезекке турушту.

Пелени акыркы сапарга узатуу зыйнатына Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва, ФИФАнын президенти Жанни Инфантино, Түштүк Америка футбол конфедерациясынын (КОНМЕБОЛ) президенти Алехандро Домингес, «Сантос» клубунун президенти Андрес Руэда, ошондой эле көптөгөн мурдагы жылдыз футболчулар катышты.

300 миңге жакын киши катышкан аземге Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышты.

ФИФАнын президенти Инфантино Пеленин уулу Эдиньону кучактап, жакындарына көңүл айтты.

Пеле деген ат менен белгилүү болгон Эдсон Арантес до Насименто артында ийгиликтүү карьера калтырды.

Карьерасын АКШнын Нью – Йорк Космос  командасында бүтүргөндөн мурда өлкөсүндө  19 жыл кийген Сантос формасы менен миңдеген гол киргизген Пеленин айкели бразилиялыктар үчүн футбол жаралган жер болгон Маракана стадионунун алдында тургузулду.

"Кара бермет", "Футбол падышасы", "Король Пеле"  деген лакпатра менен аталган легендарлуу футболчу 19 жыдын ичинде командасы менен 10 штат жана 6 лига чемпиондугун, экиден Либертадорес Кубогун жана Континенттер аралык Кубокту жеңген.



Тектеш кабарлар