Кенияда допинг

Эки атлет тыюу салынган заттарды колдонгону үчүн жаза алышты.

1922211
Кенияда допинг
Purity Rionoripo

Кениялык атлеттер Диана Кипёгей менен Пурити Рионорипо, тыюу салынган заттарды колдонгондору үчүн мелдештерге катышуудан четтетилди.

Түркияда жарым марафон жана марафон жарыштарына да катышкан Кипёгей 2020-жылы Стамбул марафонунда жеңишке жеткен.

2021-жылы негизги марафондордун бири болгон Бостондо биринчи орунду алган Кипёгей тыюу салынган заттарды колдонгону үчүн 6 жылдык жаза алды.

Атлетизмде чынчылдык бөлүмүнүн билдирүүсүнгө караганда, Кипёгейдин анализинде күч жана чыдамкайлыкты арттырган зат табылды.

28 жаштагы спортчунун жаза мөөнөтү 2022-жылдын 27-июнунда башталганы жана 2021-жылдын 11-октябрынан тарта алган даражаларынын алынып салынганы белгилүү болду.

Кипёкей ушундайча чемпион болгон 2021-жылкы Бостон марафонунан да чыгарылды.

Дагы бир кениялык спортчу Пурити Рионорипо 2022-жылдын 21-ноябрынан баштап 5 жылга спорттон четтетилди.

2017-жылы Париж марафонундагы жеңиши менен карьерасындагы эң маанилүү ийгиликке жетишкен тажрыйбалуу спортчунун 2022-жылдын 30-майынан тарта алган даражалары алынып салынды.

Ушундайча допинг колдонуп жаза алган кениялык спортчулардын саны 60тан ашты.



Тектеш кабарлар