Экинчи финалист Франция болду...

ФИФАнын Дүйнө чемпиондугунда Франция - Аргентина финалы жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө ойнолот.

1919101
Экинчи финалист Франция болду...

2022-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мароккону 2-0 эсебинде жеңип, акыркы чемпион Франция финалга чыкты.

«Короздор» финалда Мессинин Аргентинасы менен беттешет.

Турнирде жаңы тепкичти жараткан Марокко үчүнчү орун үчүн Хорватия менен беттешет.

Франция менен Марокко 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында күч сынашты.

Беттештин 5-мүнөтүндө Тео Эрнандестин кооз соккусу менен алдыга чыккан Европа курамасы танаписке 1-0 эсебинде артыкчылык менен кирди.

Марокко экинчи таймда атаандашынын дарбазасына катуу басым жасаганы менен, мүнөттөр 79ду көрсөткөндө француз оюнчусу Коло Муани гол киризди.

Бул гол менен тынчый түшкөн Франция калган мүнөттөрдө гол өткөрбөй, финалда Аргентинанын атаандашы болуп калды.

ФИФАнын Дүйнө чемпиондугунда Франция - Аргентина финалы жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө ойнолот.

Турнирдин 3-оруну үчүн  Хорватия менен Марокко ишемби күнү саат 18:00дө беттешет.



Тектеш кабарлар