Биринчи финалист Аргентина...
«Тангочулар» 18-декабрь жекшемби күнү Лусаил стадионунда ойноло турган финалдык беттеште Франция-Марокко беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.
2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Аргентина Хорватияны 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Беттеште бир гол жана бир пас берген аргентиналык жылдыз Лионель Месси дагы эки башка рекорддун ээси болду.
Катардын борбор шаары Дохадагы Лусаил стадионунда ойнолгон беттешти италиялык калыс Даниэле Орсато башкарды.
Аргентинаны финалга алып чыккан голдорду 34-мүнөттө Месси пенальтиден жана 39 жана 69-мүнөттөрдө Жулиан Альварес киргизди.
«Тангочулар» 18-декабрь жекшемби күнү Лусаил стадионунда ойноло турган финалдык беттеште Франция-Марокко беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.
Беттеш Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
Хорватия бул беттеште утулганы менен үчүнчү орун үчүн күрөшөт.
Лионель Мессиден эки рекорд...
Лионель Месси дүйнө чемпионатынын жарым финалында Хорватия менен Аргентинанын ортосундагы 25-дүйнөлүк матчын өткөрдү.
Месси немис футболчусу Лотар Маттеуска таандык рекордду жаңылады.
Месси матчта командасынын биринчи голун киргизип, дүйнөлүк чемпионаттагы 11-голун киргизип, кубоктун тарыхында эң көп бомбардир аргентиналык оюнчу болуп калды.
Тектеш кабарлар

Галатасарай Чагдаш Факторинг финалда...
Сары-кызыл команданын финалдагы атаандашы Франциянын LDLC ASVEL командасы болду.