Аргентина - Хорватия беттеши ТРТ 1де

Беттешти италиялык калыс Даниэле Орсато башкарат.

1918016
Аргентина -  Хорватия беттеши ТРТ 1де

2022 дүйнөлүк чемпиондукта  биринчи жарым финал беттешинде Аргентина менен Хорватия бүгүн беттешет.

Катардын борбор шаары Дохада Лусаил стадионунда ойноло турган жана Түркия убактысы боюнча 22:00дө баштала турган беттешти италиялык калыс Даниэле Орсато башкарат.

Беттеш ТРТ 1, ТРТ 4К, ТРТ ИЗЛЕ жана trtspor.com.trдан түз эфирден берилет.

Бул турдан өткөн команда Марокко - Франция беттешинин жеңүүчүсү менен финал үчүн беттешет.

Эки команда дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү жолу беттешет.

1994 дүйнөлүк чемпионатта ойнолгон тайпалык оюнда Аргентина Пинеданын голу менен атаандашын 1 - 0 эсебинде жеңген.

2018 - жылы Россияда болгон дүйнө чемпиондугунда Хорватия Аргентинаны Ребич, Модрич жана Ракитичтин голдору менен 3:0 эсебинде утуп алган.



Тектеш кабарлар