Анадолу Эфес Литванын Жальгирис командасын 86-60 эсебинде жеңди
Анадолу Эфес команда катары менен 5, жалпысынан 7 жеңишке жетишти.
1917262
Анадолу Эфес эркектер баскетбол командасы Түрк аба жолдору (THY) Европа лигасынын 12 - жумасында Литванын Жальгирис командасын 86 - 60 эсебинде жеңди.
Бул жыйынтык менен кочкул көк - ак команда катары менен 5, жалпысынан 7 жеңишке жетишти. Литва курамасы 6 - жолу жеңилди.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Анадолу Эфес 25 - 19 эсебинде үстөмдүк кылып, 33 - 33 эсебинде тең чыкты.
Беттештин экинчи жарымын абдан жакшы баштап, үчүнчү чейректи 63 - 48 эсебинде алдыда аяктаган Анадолу Эфес 86-60 эсебинде жеңишке жетти.