Британия менен Франция беттешет
Беттеш ТРТ-1ден түз эфирде көрсөтүлөт.
2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатында Британия чейрек финалда Франция менен беттешет.
Эль-Байт стадионунда 10-декабрь ишемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө баштала турган беттеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Британиянын коргоочусу Кайл Уокер маалымат жыйынында: «Францияда абдан жакшы оюнчулар бар, бирок бизде да өзүбүзгө болгон ишенимибиз жогору, биз жеңүүчү болобуз деп ишенем»,- деди.
Француз коргоочусу Ибрахима Конате болсо: «Гарри Кейн абдан жакшы футболчу, бирок биз бир оюнчуга эмес, бүтүндөй Британ командасына көңүл буруубуз керек. Эгер биргелешип компакттуу оюн ойносок, ийгиликке жетебиз. Мбаппе биздин эң чоң куралыбыз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Улуттук спортчулар 17 медалга ээ болушту
Бул тууралуу Түркиянын Оор атлетика федерациясынан маалымат берилди.