Франция чейрек финалда Англия менен беттешет

Франция Польшаны 3:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

1914538
Франция чейрек финалда Англия менен беттешет

Франция 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун акыркы 16 команда ойногон турунда Польшаны 3:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Беттешти ылдам баштап, позициялардан пайдалана албаган Европа командасы 44-мүнөттө Жиру менен ачылышты жасады.

Бул гол менен Франция айлампага 1-0 артыкчылык менен кирди жана айырманы 2ге жеткирген гол Мбаппеден келди.

23 жаштагы жылдыз 74-мүнөттө гол киргизип, командасын жеңилдетти. Франциянын оюнчусу Мбаппе  90-мүнөттө дагы бир гол киргизди.

Левандовский 90+9-мүнөттө пенальтиден киргизилген гол эсепти аныктады.

Ал арада Оливье Жиру Франция-Польша беттешинде киргизген голу менен Франциянын тарыхына жазылды.

Польшанын дарбазасына 44-мүнөттө топ киргизген тажрыйбалуу чабуулчу француздардын формасы менен 52-ирет гол киргизе алды.

Франциянын формасы менен 51-ирет гол киргизген Тьерри Анриден ашып өткөн Оливье Жиру Короздордун тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу болду.



Тектеш кабарлар