Жапония акыркы 16 команда ойногон турга өттү
Үчүнчү жана акыркы беттешүүлөрдөн кийин Жапония 6 упай менен тайпанын лидери болсо, Испания 4 упай жана орточо эсеп менен акыркы 16да калды.
2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун Е тайпасында Жапония Испанияны 2:1 эсебинде жеңди.
Үчүнчү жана акыркы беттешүүлөрдөн кийин Жапония 6 упай менен тайпанын лидери болсо, Испания 4 упай жана орточо эсеп менен акыркы 16да калды.
Эл аралык Халифа стадионунда ойнолгон беттешти Түштүк Африканын футбол федерациясынан Виктор Гомес башкарды.
Оюндун биринчи жарымын Испания 11-мүнөттө Альваро Моратанын голу менен 1-0 алдыда аяктады.
Жапонияда машыктыруучу Хажиме Мориясунун экинчи таймдын башында жасаган аракеттери ийгиликтүү болуп, Азия өкүлү 3 мүнөттө 2 гол киргизди.
48-мүнөттө Жапония Рицу Доандын голу менен эсепти 1:1ге жеткирди.
51-мүнөттө Ао Танака гол киргизип, Жапония 2:1 эсебинде алдыга чыкты.
Беттеште башка гол болбогондуктан Жапония талаадан 2-1 эсебинде жеңишке жетти.
Тектеш кабарлар

Спорт тото Супер лигасындагы акыркы жыйынтык жана графиктер
Спор тото Супер лигасынын 20-жумасы 2 беттеш менен аяктады. Оюндун жыйынтыктары жана графиктер

Жаш кыз-келиндер Фехтование боюнча дүйнө чемпиону болду
Бул тууралуу Түркиянын Фехтование федерациясынын билдирүүсүнө көңүл буруңуздар.