Хорватия Канаданы кубоктон сүрүп чыгарды
Хорватия-Канаданы 4-1 эсебинде утуп алды жана бул жыйынтык менен Канада 2022-жылкы дүйнө чемпионаты менен коштошту.
Катарда уланып жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын F тайпасынын экинчи беттешинде Хорватия 1-0 артта калса да Канаданы 4-1 эсебинде жеңе алды.
Бул жыйынтык менен Канада 2022-жылкы дүйнө чемпионаты менен коштошту.
Хорватиянын голдорун Андрей Крамарич 36 жана 70, Марко Ливажа 44 жана Ловро Мажер 90+4 эсебинде киргизди.
Канаданын жалгыз упайын 2-мүнөттө Альфонсо Дэвис жазды.
Бул жыйынтык менен Хорватия упайын 4кө жеткирди.
Экинчи беттешүүлөрдөн кийин тайпада упай ала албаган Канада футбол боюнча дүйнө чемпионаты менен коштошту.
Бешикташтын канадалык футболчусу Атиба Хатчинсон өлкөсүнүн футбол боюнча дүйнөлүк кубогунун F тайпасында Хорватия менен болгон беттеште улуттук форма менен 100-жолу талаага чыкты.
39 жаштагы футболчу ошондой эле Канаданын курамында 100 оюн өткөргөн биринчи оюнчу болуп калды.
Канада дүйнө чемпионатынын тарыхындагы биринчи голун киргизди...
Оюнду тез баштаган Канада 2-мүнөттө Альфонсо Дэвистин башы менен киргизген соккусунан кийин 1-0 алдыга чыккан болчу.
Тектеш кабарлар

Улуттук спортчулардан алтын медаль
Алтын медаль үчүн беттеште ай-жылдыздуу команда Казакстанды 16-2 эсебинде утуп алды.

NBAде Жеди Осман 7 жолу үч упайлык топ салып карьералык рекордду жаңылады
NBA 4 оюн менен уланды. Кливленд Кавальерс Лос-Анджелес Клипперсти 23 упай айырма менен утуп алды.