Дэвис кубогу

Америка Кошмо Штаттары менен Италия Дэвис кубогунда 13-ирет беттешти.

1911003
Дэвис кубогу

Испаниянын Малага шаарында өтүп жаткан Дэвис кубогунда финалдык толкундануу жакындап келе жатат.

Америка Кошмо Штаттары менен Италия Дэвис кубогунда 13-ирет беттешти.

Эки команданын чейрек финалындагы жеке таймашта америкалык Тейлор Фриц италиялык атаандашы Лоренцо Мусетти менен беттешип, жеңишке жетти.

Италиялык теннисчи Лоренцо Сонего америкалык Фрэнсис Тиафону утуп алып жооп кайтарды.

Эки өлкөнүн ортосундагы тең салмак жуптар беттешүүсүндө бузулду.

Фабио Фогнини-Симон Болелли жубу америкалык атаандаштары Джек Сок менен Томми Полду 2-1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Италия менен Канада; Австралия менен Хорватия беттешет.

Дэвис Кубогунун жеңүүчүсү 27-ноябрь жекшемби күнү белгилүү болот.



Тектеш кабарлар