Ислам жөнүндө билгиси келген Дүйнө чемпионатынын күйөрмандары...

Туристтерге Ислам дини жана сабырдуулук түшүндүрүлүүдө.

1910305
Ислам жөнүндө билгиси келген Дүйнө чемпионатынын күйөрмандары...

Катарга барган Дүйнө чемпионатынын күйөрмандары Ислам менен таанышууда...

Катардын борбору Дохадагы Катара маданий айылынын мечити, Ислам дини жөнүндө билгиси келген 2022 FIFA Дүйнө кубогунун күйөрмандарынын көңүл борборунда болду.

Мечитте кызмат кылган көп тилди билген эркек жана аял насааатчылар, туристтерге Ислам динин жана сабырдуулукту түшүндүрүшүүдө.

Мечиттин эшигинде 30дан ашык тилде «Ислам» тууралуу электрондук такталар орнотулуп, келгендер телефондорунан көрө алышат. Ал эми каалагандарга ислам динин ар кайсы тилде тааныткан китепчелер таратылууда.

Дүйнө чемпиондугун көрүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн Катарга барган туристтер көптөгөн көчөлөрдүн дубалдарынан да Мухаммед пайгамбардын жакшы иштердин маанилүүлүгүн баяндаган хадистерине туш болушууда.



Тектеш кабарлар