Нидерландия жеңиш менен баштады

Аль-Тумама стадионунда өткөн беттешти бразилиялык калыс Вилтон Перейра Сампайо башкарды.

1909112
Нидерландия жеңиш менен баштады

Катарда өтүп жаткан ФИФА-2022 Дүйнө Кубогунун А тайпасында Нидерландия Сенегалды 2-0 эсебинде жеңип 3 упай менен баштады.

Эки өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командалары буга чейин эч беттешкен эмес.

Аль-Тумама стадионунда өткөн беттешти бразилиялык калыс Вилтон Перейра Сампайо башкарды.

Беттеш 2-0 эсебинде Нидерландиянын үстөмдүгүндө аяктады.

Сенегал экинчи беттешин 25-ноябрда Катар менен өткөрөт.

Ошол эле күнү Нидерландия Эквадор менен беттешет.



Тектеш кабарлар