Армрестлинг боюнча дүйнө чемпиондугунда түрк спортчулары 108 медалга ээ болушту
Түркиянын Бодибилдинг, фитнес жана армрестлинг федерациясынын жетекчиси Ниязи Курт 52 өлкөдөн 1100гө жакын спортчу катышкан уюштурууну ийгиликтүү аяктагандарын айтты.
Антальянын Кемер районунда өткөрүлгөн кол күрөш боюнча 43-Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.
Түркиянын Бодибилдинг, фитнес жана армрестлинг федерациясынын жетекчиси Ниязи Курт 52 өлкөдөн 1100гө жакын спортчу катышкан уюштурууну ийгиликтүү аяктагандарын айтты.
Эске салсак, чемпионаттын алгачкы эки күнүндө күч сынашкан 15, 18 жана 21 жаш категориясындагы кыз-келиндер жана эркек спортчулар 76 медаль, 18 алтын, 26 күмүш жана 32 коло утуп, командалык эсеп менен дүйнө экинчиси болушкан.
Ниязи Курт:«Чемпионаттын Мастерс категориясында 5 алтын, 7 күмүш жана 5 коло болгон 17 медаль утуп, команда катары дүйнө чемпиону болдук. Улууларда 6 алтын, 4 күмүш жана 5 коло болуп, жалпысынан 15 медалга ээ болдук. Биздин аялдар жана эркектер курама командалары дүйнөдө үчүнчү орунду ээлешти. 174 спортчубуз катышкан кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатты жалпы командалык рейтингде дүйнөдө экинчи болуп аяктадык»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.