Керем Камал грек - рим күрөшүндө алтын медалга жетишти

Понтеведра шаарында болуп жаткан чемпиондукта улуттук күрөшчү финалдан мурда грузиялык Иракли Дзимистаришвили менен аянтка чыкт

1895366
Керем Камал грек  - рим күрөшүндө алтын медалга жетишти

Испанияда болгон 23 жашка чейинки дүйнөлүк күрөш чемпиондугунда грек – рим  стилинде күрөшкөн Керем Камал алтын медалга жетишти.

Понтеведра шаарында болуп жаткан чемпиондукта улуттук күрөшчү финалдан мурда грузиялык Иракли Дзимистаришвили менен аянтка чыкты.

Атаандашын жеңген Керем Камал финалда Азербайжандан Нихат Захид Маммадли менен алтын медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду.

60 килограммдык спортчу финалда күчүн ортого салып 8 – 0 эсебинде дүйнөлүк чемпиондукка жетишти.



Тектеш кабарлар