Футбол боюнча улуттук курама ампутанттар командасы Дүйнө чемпиону

Стамбулдун кожоюндугунда өткөн турнирдин финалында жарым ай жылдыздуу команда Ангола менен беттешти.

1890946
Футбол боюнча улуттук курама ампутанттар командасы Дүйнө чемпиону

2022-жылы Стамбулда өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешинде Ампутант улуттук курама футбол командасы Анголаны 4-1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Стамбулдун кожоюндугунда өткөн турнирдин финалында жарым ай жылдыздуу команда Ангола менен беттешти.

Ангола финалдык беттешүүнү дагы эффективдүү баштады, аны трибунадан 15 миңге жакын футбол күйөрмандары көрдү.

Бирок беттеште тең салмактуулукту тез орнотуп, 19-мүнөттө Өмер Гүлерйүздүн киргизген голу менен улуттук команда 1-0 алдыга чыкты.

Ангола оюндун 24-мүнөтүндө Хено Адаонун айып соккусу менен тең чыгып, тайм 1-1 эсебинде тең чыкты.

Экинчи таймды жакшы баштаган Түркия 29-мүнөттө пенальтиден киргизди.

Рахми Өзжан катуу сокку менен торлорду желдетип, жарым ай-жылдыздуу команданы кайрадан алдыга чыгарды.

Улуттук курама 43-мүнөттө Рахми менен дагы бир гол киргизип, айырманы 2ге жеткирди.

Беттештин 49-мүнөтүндө Серкан Дерелинин голу менен 4-голун киргизген улуттук курама 4-1 эсебинде дүйнө чемпиондугун утуп алды.

Стадиондогу беттешти көргөн президент Режеп Таййип Эрдоганды жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коштоп жүрдү.

Улуттук футболчулар дүйнөлүк чемпионаттын кубогун президент Режеп Таййип Эрдогандын колунан алышты.

Эрдоган өзүнүн Твиттер баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө:«Ампуталар футболу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын чемпиону болгон биздин Ампуталар курама командасын чечкиндүү күрөшү, аракети жана бул эң сонун жетишкендиги үчүн чын дилимден куттуктайм»,-деп айтты.

Андан соң президент ТРТ-Спорго баа берип: «Чындыгында, бул жерде сабак бар. Ал сабак мына ушундай; майып туугандарыбыздын амбициясы, чечкиндүүлүгү, умтулуусу футболдун башка бекем тармактарына үлгү. Бул чечкиндүүлүккө, амбицияга эч нерсе тоскоол боло албайт. Ошондуктан, чечкиндүүлүгү жана амбициясы үчүн өзүмдүн жана улутумдун атынан биздин команданы куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар