Түркиялык волейболчу кыздар жеңишке жетишти

Ай жылдыздуулар В тайпасындагы үчүнчү беттешинде бүгүн саат 18.30да Доминикан Республикасы менен ойношот.

1885541
Түркиялык волейболчу кыздар жеңишке жетишти

Түркиянын волейбол боюнча улуттук кыздар командасы, Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB)  Дүйнө чемпиондугундагы экинчи беттешинде Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде жеңди.

Тордун султандары бул жыйынтык менен тайпадагы алгачкы жеңишине жетишти.

Польшанын Гданьск шаарында өткөн беттеште биринчи сетти 25-14, экинчи сетти 25-13 жана үчүнчү сетти 25-13 эсебинде утуп алган түрк курамасы Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде жеңди.

Ай жылдыздуулар В тайпасындагы үчүнчү беттешинде бүгүн саат 18.30да Доминикан Республикасы менен ойношот.

Беттеш ТРТ СПОРТ Йылдыздан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар