Адем Асилден эки алтын медаль...
Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу эки алтын медаль алган Адем Асилди куттуктады.
1884266
Улуттук гимнаст Адем Асил Францияда өткөрүлгөн көркөм гимнастика боюнча дүйнөлүк чакырык кубогунда эки алтын медалга ээ болду.
Түркиялык спортчу обручта 14, 800 упай менен биринчи орунду ээлесе, секирүүдө да 14,725 упай менен алтын медалга ээ болду.
Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу эки алтын медаль алган Адем Асилди куттуктады.
Касапоглу билдирүүсүндө: «Францияда өткөрүлгөн көркөм гимнастика боюнча Дүйнөлүк Чакырык Кубогунда 2 алтын медаль алган Адем Асилди куттуктайм. Жеңип алган медалдары менен бизди сыймыктандырган улуттук спортчубузга ийгиликтерди каалайм»,- деди.