Шотландия Украинаны утуп алды

Шотландия Глазгодогу Хэмпден паркында Украинаны кабыл алды.

1883118
Шотландия Украинаны утуп алды

УЕФА Улуттар лигасында Шотландия Украинаны 3-0 эсебинде утуп алды.

Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштан улам кечиктирилип ойнолгон В Лигасынын 1-тайпадагы биринчи апта матчында Шотландия Глазгодогу Хэмпден паркында Украинаны кабыл алды.

Биринчи таймда голсуз аяктаган матчтын экинчи жарымында чабуулдарын күчөткөн Шотландия 70-мүнөттө Жон Макгинн, 80 жана 87-мүнөттө Линдон Дайкс киргизген голдор менен атаандашын 3-0 эсебинде жеңди. 

Бул беттештен кийин упайын 9га жеткирген Шотландия 7 упайлуу Украинаны артка калтырып, тайпада лидерликке көтөрүлдү.



Тектеш кабарлар