Түркиянын грек-рим курамасы дүйнө чемпиону болду

Белграддагы иш-чарада Түркия грек-рим стилинде 2 алтын, 3 коло медалга ээ болду.

1879685
Түркиянын грек-рим курамасы дүйнө чемпиону болду

Сербияда өткөрүлгөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Түркия грек-рим стилинде командалык биринчиликти алды.

Борбор шаар Белграддагы иш-чарада Түркия грек-рим стилинде 2 алтын, 3 коло медалга ээ болду.

Дүйнө чемпиондугунда 130 килограммда Рыза Каяалп жана 82 килограммда Бурхан Акбудак алтын медалды багындырышты.

Улуттук балбандар Селчук Жан (72 килограмм), Юнус Эмре Башар (77 килограмм) жана Али Женгиз (87 килограмм) коло медаль алса, Метехан Башар (97) жана Мурат Фырат (67) өз салмак категорияларында бешинчи орунду ээледи.

Грек-рим стилинде Түркия командалык эсепте 125 упай менен чемпион болду.

Экинчи орунду 118 упай менен Азербайжан, үчүнчү орунду 110 упай менен Сербия ээледи.

Грек-рим боюнча улуттук курама акыркы жолу 2009-жылы Даниянын Хернинг шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда команда катары алдыңкы орунду багындырган. 

Ушундайча улуттук курама 13 жылдан кийин кайрадан чемпион болду.



Тектеш кабарлар