Кашта фридивинг боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Түркиянын суу спорттору федерациясынын башчысы Огуз Айдын билдирүү жасады.
1878870
Антальянын Каш районунда 2-9-октябрь күндөрүндө фридивинг боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Түркиянын суу спорттору федерациясынын башчысы Огуз Айдын: «31 өлкө арыз берген иш-чарага 150 спортчу катышат. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө эркин чумкууда мынчалык өлкө жана спортчунун болбогонун байкоодобуз. Бул жарыш үчүн чоң толкундануу менен даярдык көрүп жатабыз. Биз баарына даярбыз. Сезонду фридивинг боюнча дүйнө чемпионаты менен аяктай турганыбыз үчүн толкунданып жатабыз. Буюрса ал жакта да медалдарды багындырабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.