Фенербахче атаандашына гол жаадырды

Лигадагы алгачкы жеңишин алган Фенербахче беттеште 6-0 эсебинде жеңишке жетип, үч упайдын ээси болду.

1868197
Фенербахче атаандашына гол жаадырды

Фенербахче Спор Тото Супер лиганын 2-жумасында Касимпашаны 6-0 эсебинде жеңди.

Фенербахче Супер лиганын экинчи жумасында Касымпаша менен «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы стадиондо беттешти.

Лигадагы алгачкы жеңишин алган Фенербахче беттеште 6-0 эсебинде жеңишке жетип, үч упайдын ээси болду.

Беттештин голдорун Кинг, Валенсия (2), Эмре Мор жана Арда Гүлер (2) киргизди.

Беттештин 16-мүнөтүндө Касымпашадан Хасан Эмре түз кызыл карта көрүп, командасын 10 оюнчусу менен калтырды.

Фенербахче упайын төрткө жеткирип, лигадагы биринчи жеңишине жетишти.

Касымпаша лигадагы экинчи беттешүүдө жеңилди.

Касымпашанын машыктыруучусу Сами Угурлу Фенербахче матчынан кийин кызматтан кетүү тууралуу арызын жетекчиликке тапшырды.



Тектеш кабарлар