УЕФАдан калыс Али Палабыйыкка кызмат

Палабыйык, Хайдук Сплит-Витория беттешин башкарат.

1865149
УЕФАдан калыс Али Палабыйыкка кызмат

ФИФАнын лицензиялуу калысы Али Палабыйык 10-август шаршемби күнү Португалиянын Витория жана Хорватиянын Хайдук Сплит командаларынын ортосунда ойноло турган УЕФА Европа Конференция Лигасынын үчүнчү тандоо турун башкарат.

Түркиянын футбол федерациясынын билдирүүсүнө караганда Португалиянын Гимараеш шаарындагы Dom Afonso Henriques стадионунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.00дө баштала турган беттеште Али Палабыйыктын жардамчылары Серкан Олгунжан менен Жейхун Сесигүзел болот.

Беттештин төртүнчү калысы болсо Атилла Караоглан.



Тектеш кабарлар