Түркия Жер Ортолук деңиз оюндарында биринчилик орунун сактады

Алжирде өткөрүлгөн 19 - Жер Ортолук деңиз оюндарынын 7-күнүндө Түркия 12си алтын 24 медалга ээ болду.

1850996
Түркия Жер Ортолук деңиз оюндарында биринчилик орунун сактады
hatice akbas.jpg
Yasmani Copello Escobar.jpg
berkay ogretir.jpg
busenaz surmeli.jpg
ferdi hardal.jpg

Алжирде өткөрүлгөн 19 - Жер Ортолук деңиз оюндарынын 7 - күнүндө Түркия 12си алтын болгон 24 медалга ээ болду.

Оран шаарында 25-июнда ачылган оюндардын 7-күнү жыйынтыкталды. Түркия  "эң көп медаль" жана "эң көп алтын медалды" алган өлкө болду.

Жети күндүн жыйынтыгында Түркия 33 алтын, 16 күмүш, 23 коло жалпы 72 медаль менен жалпы рейтингде биринчи орунду сактап калды.

19 - Жер Ортолук деңиз оюндарында улуттук штангачы Ферди Хардал жулкуп көтөрүүдө 124 килограмм жана түртүүдө 153 килограммды көтөрүп алтын медалга ээ болсо, улуттук мушкерлер Бусеназ Сүрменели аялдар арасында 66 килограммда, Хатиже Акбаш  аялдар 54 килограммда  жана Батухан Чифтчи эркектер арасында 57 килограммда алтын медалга жетишти. 

Улуттук  сүзүүчү Беркай Өгирир эркектер арасында 200 метр брасста алтын медалга ээ болсо, 400 метрдик жеке жарышта Дениз Эртан 4,40,97 көрсөткүч менен подиумдун экинчи тепкичине чыкты. Кыздар арасында 200 метрге баттерфляй ыкмасы менен жарышта Мерве Тунжел коло медалга ээ болду.

Улуттук атлет Ясмани Копелло Эскобар эркектер арасында 400 метрге тоскоолдуктар менен жарыштын финалында 48,27 көрсөткүч менен алтын медалга татыктуу болсо, балка ыргытууда улуттук атлет Өзкан Балтажы 74,34 метр ыргытуу менен алтын медалга татыктуу болду.

Улуттук дзюдочу Кайра Сайит +78 кг салмакта атаандаштарын жана 90 кг салмакта Михаэль Зганкты жеңип, алтын медалды багындырды. 



Тектеш кабарлар