Аялдар улуттук волейбол командасы Жер Ортолук деңиз оюндарында финалга чыкты

Финалдык беттеш 4-июль дүйшөмбү күнү Түркия убактысы боюнча саат 18.30да ойнолот.

1851035
Аялдар улуттук волейбол командасы  Жер Ортолук деңиз оюндарында финалга чыкты

Аялдар улуттук волейбол командасы Алжирде өткөн 19 - Жер Ортолук деңиз оюндарында Сербияны 3-0 эсебинде жеңип финалга  чыкты.

Улуттук курама команда Оран шаарында ойногон жарым финалдык оюнда Сербия менен беттешти. 25-21, 25-14 жана 25-23 сеттери менен атаандашын 3-0 эсебинде жеңген улуттук команда Жер Ортолук деңиз оюндарында 7-жолу финалга чыкты.

Аялдар улуттук волейбол командасы акыркы атаандашы Италия-Испания беттешинин жеңүүчүсү болот.

Финалдык беттеш 4-июль дүйшөмбү күнү Түркия убактысы боюнча саат 18.30да ойнолот.



Тектеш кабарлар