Түрк командасы жарым финалда...
Улуттук команданын жарым финалдагы атаандашы Сербия болот.
1850497
Алжирдин кожоюндугунда уюштурулган 19-Жер Ортолук деңиз оюндарында мелдешке чыккан Улуттук волейбол аялдар командасы чейрек финалда Тунисти 3-0 эсебинде жеңип жарым финалга өттү.
Оран шаарындагы оюндарда «Салле Бир Эл Дижр» залындагы чейрек финал беттешүүсүндө түрк командасы Тунис менен беттешти.
Улуттук курама атаандашын 25-14, 25-15 жана 25-17 сеттери менен 3-0 эсебинде жеңип, жарым финалда жолдомо алды.
Жер Ортолук деңиз оюндарында 10-жолу катары менен акыркы 4 оюнда жеңишке жетишкен улуттук команданын жарым финалдагы атаандашы Сербия болот.
Түркия-Сербия жарым финалдык беттеши эртең Түркия убактысы боюнча саат 12.00дө ойнолот.