Грек-рим күрөшүнөн 3 алтын жана 1 коло медаль...
Ай жылдыздуу команда 3 алтын жана 1 коло медалга ээ болду...
1849099



Жер Ортолук деңиз оюндарынын үчүнчү күнүндө грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама ийгиликтерге жетишти.
Ай жылдыздуу команда 3 алтын жана 1 коло медалды багындырды...
Керем Камал 60 килограмм салмакта финалда француз атаандашын 1 мүнөт 19 секундда техникалык артыкчылык менен жеңип алтын медалдын ээси болду.
Мурат Фырат болсо 67 кг салмакта үй ээси алжирдик балбанды 7-6 эсебинде жеңип чемпион болду.
130 килограмм салмакта болсо Осман Йылдырым египеттик атаандашын 5-1 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
87 килограмм салмакта Али Женгиз франциялык атаандашын 4-0 эсебинде жеңип үчүнчүлүктү алды.