Жаа атуу боюнча дүйнөлүк кубок...
Алтын медаль үчүн мелдештер 25-июнь ишемби күнү өтөт.

Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн Жаа атуу боюнча Дүйнөлүк кубоктун 3- таймашында Түркиянын кыз-келиндер жана эркектер улуттук командалары финалга чыкты.
Соңгүл Лөк, Айше Бера Сүзер жана Йешим Бостан Учардан турган кыз-келиндер улуттук курама командасы Нидерландия, Эстония жана Францияны жеңип алтын медаль үчүн мелдешке жолдомо алды.
Курамында Батухан Акчаоглу, Эмиржан Ханей жана Якуп Йылдыз болгон эркектер улуттук курама командасы да Нидерландия, Индия жана Данияны жеңип финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн мелдештер 25-июнь ишемби күнү өтөт.
Финалдык беттештерде кыз-келиндер курама командасы Британия менен, эркектер улуттук курамасы Франция менен беттешет.
Тектеш кабарлар

Огузхан Түзүн алтын медалды багындырды
Финалда 29 упайга ээ болгон Огузжан алтын медалдын ээси болду.