Түркия алгачкы 4 матчта гол өткөрбөй, жеңилбестен жолун улантууда

Измирдеги Гүрсел Аксел стадионунда өткөн беттештин биринчи жарымын 37-мүнөттө Каан Айхандын голу менен 1-0 алдыда аяктаган Улуттук курама футбол командасы оюндун экинчи жарымында Хакан Чалханоглунун пенальтиден киргизген голу менен эсепти 2-0 кылды.

1843334
Түркия алгачкы 4 матчта гол өткөрбөй, жеңилбестен жолун улантууда

УЕФА Улуттар С лигасынын 1-тайпасындагы 4-жумадагы оюнунда Литваны 2-0 эсебинде утуп алган Түркия, алгачкы 4 матчта гол өткөрбөй, жеңилбестен жолун улантууда.

Измирдеги Гүрсел Аксел стадионунда өткөн беттештин биринчи жарымын 37-мүнөттө Каан Айхандын голу менен 1-0 алдыда аяктаган Улуттук курама футбол командасы оюндун экинчи жарымында Хакан Чалханоглунун пенальтиден киргизген голу менен эсепти 2-0 кылды.

Женгиз Үндердин пенальтиден пайда көрө албаган беттешти Түркия 2-0 эсебинде утуп алды.

Тайпалык беттештерин Стамбулда Фарер аралдарында 4-0 эсебинде жеңүү менен баштаган Ай-Жылдыздуу команда конокто Литваны 6-0 жана Люксембургду 2-0 эсебинде жеңип, Измирде Литваны 2-0 эсебинде утту.

Тайпадагы 4 оюндан 4 жеңиш түзгөн Улуттук курама футбол командасы, дарбазасына гол өткөрбөгөн матчтарда 14 гол киргизди.

Тайпада 12 упай менен Түркия сап башынан орун алса, Люксембург 7 балл менен Түркиядан кийин жайгашты.

Тайпалык беттештер 22 жана 25-сентябрда боло турган беттеш менен жыйынтыкталат.

Хакан Чалханоглу 16-голун киргизди...

УЕФА Улуттар С лигасында биринчи голун киргизген Каан Айхан улуттук форма менен 5-голуна жетти.

Команданын экинчи голун дарбазага жөнөткөн Хакан Чалханоглу тайпадагы экинчи голун, улуттук форма менен 16-голун киргизди.

Беттештин 84-мүнөтүндө Женгиз Үндердин ордуна чыккан Тиаго Чукур биринчи жолу улуттук форманы кийип ойноду.



Тектеш кабарлар