Австралия дүйнө кубогуна жолдомо алды
Австралия Катарда 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта D тайпасында күч сынайт.
1842858
Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда негизги убактысы 0-0 эсебинде аяктаган матчта Австралия Перуну пенальтиден 5-4 эсебинде жеңип кубокко жолдомо алды.
Австралия Катарда 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Франция, Дания жана Тунис кирген D тайпасында күч сынайт.
Катар-2022ге катыша турган 32чи жана акыркы команда Түркия убактысы боюнча саат 21.00дө баштала турган Коста-Рика-Жаңы Зеландия беттешинен кийин аныкталат.