Улуттук курама команда атаандаш дарбазасына гол жаадырды
Түркия-Литваны 6-0 эсебинде утуп алды.
Улуттук футбол куарама командабыз УЕФА Улуттар С лигасынын 1-топтогу экинчи оюнунда Литваны 6-0 эсебинде жеңип, эсебин 6га чыгарды.
Түндүн жылдыздары Догукан Синик менен Сердар Дурсун болду, алар дарбаза эки жолудан топ киргизишти...
Беттештин 2-мүнөтүндө Догукан гол киргизип баштап берди.
14-мүнөттө кайрадан ыкчамдыгын көрсөткөн Догукан бул эсеп менен абалды 2-0гө жеткирип, кийим алмаштыруучу жайга кетти.
Беттештин 56-мүнөтүндө Сердар Дурсун пенальтиден гол киргизип, абалды 3:0гө жеткирди.
Сердар 81 мүнөттө кайрадан гол киргизип абалды 4-0 кылды.
Беттештин 89-мүнөтүндө Юнус Акгүндүн киргизген голу менен айырма 5ке жетти.
Бул голдон бир мүнөт өткөндөн кийин бул жолу Халил Дервишоглу топту дарбазага киргизип, эсепти аныктады: 6-0.
Бул өзгөчө жеңиш менен Улуттук курамабыз упайларын 6га жеткирип, тайпадагы лидерлигин сактап калды.
Ай-жылдыздуу команда 11-июнда Люксембургга барат.