Мехмет Али Йигиттен алтын медаль...
Финалда ирандык атаандашын 8-0 техникалык артыкчылык менен жеңген улуттук балбан Бразилияда Түркияга үчүнчү алтын медалды алып келди.
1825669

Кулагы укпаган спортчулардын арасында Бразилияда өткөн 24-Жайкы Олимпиадасында улуттук балбан Мехмет Али Йигит алтын медалга ээ болду.
Грек-рим стилинде 67 кг салмакта күрөшкөн Мехмет Али подиумдун эң жогорку тепкичине чыкты.
Финалда ирандык атаандашын 8-0 техникалык артыкчылык менен жеңген улуттук балбан Бразилияда Түркияга үчүнчү алтын медалды алып келди.
Ошондой эле Түркия грек-рим стилинде 5 күмүш медалга ээ болду.
Улуттук спортчулар Күршат Кираз (60 килограмм), Мухаммет Акдениз (77 килограмм), Ахмет Талха Какур (87 килограмм), Байрам Аксу (82 килограмм) жана Мехмет Уйсал (130 килограмм) күмүш медаль тагынышты.