Польша дүйнө кубогунда
Польша Швецияны кабыл алган Силезия стадионунда ойнолгон беттешти Даниэле Орсато башкарды.
1804232
ФИФАнын дүйнөлүк чемпионатынын тандоо турунда Швецияны 2-0 эсебинде жеңген Польша турнирдик жолдомо ала алды.
Польша Швецияны кабыл алган Силезия стадионунда ойнолгон беттешти Даниэле Орсато башкарды. Беттеш Польшанын 2:0 эсебинде жеңиши менен аяктады.
49 - мүнөттө Левандовски пеналтыдан, 72 - мүнөттө Зиелински голдорду киргизип, кызыл-актарды жеңишке жеткирди.
Бул жыйынтык менен Польша дүйнө чемпионатынын жолдомосунун ээси болду.
2018 - жылы чейрек финалда ойногон Швеция кубокко катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.