Алиев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды

Билал Эрдоган президент Алиевге салттуу спорттун өнүгүшүнө болгон мамилеси,  спорт менен спортчуларга тынымсыз активдүү колдоосу үчүн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын «Лидерлик сыйлыгын» тапшырды.

1790305
Алиев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5 - Этноспорт форумуна катышуу үчүн борбор шаар Бакуга барган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоганды кабыл алды.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматта,  Бакуда өткөрүлгөн 5 - Этноспорт форумунун маанисине токтолуп, азербайжан элинин салттуу спортко болгон кызыгуусу да баса белгиленди.

Билал Эрдоган президент Алиевге этноспорттун бүткүл дүйнөгө таанылышы жана жайылтылышы, салттуу спорттун өнүгүшүнө болгон мамилеси,  спорт менен спортчуларга тынымсыз активдүү колдоосу үчүн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын «Лидерлик сыйлыгын» тапшырды.



Тектеш кабарлар