Пекин Кышкы Олимпиадаларында 8 Ковид - 19 бейтабы аныкталды
23 - январдан бери аныкталган бейтаптардын саны 426га жетти.
1777444
Кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн Кытайдын борбору Пекинде Эл аралык аэропорт, олимпиадалык айылдар жана уюштуруу борборлорун камтыган “жабык схема системасында” 8 Ковид-19 бейтабы аныкталды.
Уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө, бейтаптардын төртөөсү спортчулар жана команданын жооптуу кызматкерлери, төртөөсү «башка кызыкдар тараптар» деп аталган медиа өкүлдөрү жана демөөрчү командаларынан экендиги билдирилди. 23 - январдан бери аныкталган бейтаптардын саны 426га жетти.
Пекин 2022 Кышкы Олимпиадалары Ковид - 19дун жайылышын алдына алуу максатында спортчу, кызматкерлер жана ыктыярчылардын иш-аракет аймактары шаардан обочолонгон "жабык схема" системасында аткарылууда.