Иран Азия тандоолорунан жолдомо алган биринчи команда болду
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын Азия тандоо оюндарынын 3-турунда 6 беттеш өткөрүлдү.
1769523
Иран 2022 FIFA дүйнөлүк чемпионатка Азия тандоолорунан жолдомо алган биринчи команда болду.
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын Азия тандоо оюндарынын 3-турунда 6 беттеш өткөрүлдү.
А тайпасында Иран өз талаасында Иракты 1-0 эсебинде утуп, 19 упайга көтөрүлдү жана тандоо оюндарынын бүтөөрүнө үч апта калганда дүйнөлүк чемпионатка катышууну гарантиялады.
В тайпасында болсо Сауд Арабия Оманды 1-0 эсебинде утуп, лидерлигин улантты.
Тандоо оюндарынын 7-аптадагы жыйынтыктары:
А тайпасы
Ливан-Түштүк Корея: 0-1
Иран-Ирак: 1-0
Бириккен Араб Эмираттары-Сирия: 2-0
В тайпасы
Австралия-Вьетнам: 4-0
Япония-Кытай: 2-0
Сауд Арабия-Оман: 1-0