Пекин кыш Олимпиадаларына Түркиядан 7 спортчу катышат

Түркиянын Улуттук Олимпиада комитетинин  билдирүүсүнө караганда лыжада алты спортчунун, муз тебүүдө бир спортчунун катыша тургандыгы такталды.

1765077
Пекин кыш Олимпиадаларына Түркиядан 7 спортчу катышат

2022 - жылы Пекинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарында Түркиядан  7 спортчу катышат.

Түркиянын Улуттук Олимпиада комитетинин  билдирүүсүнө караганда лыжада алты спортчунун, муз тебүүдө бир спортчунун катыша тургандыгы такталды. 

Тоо лыжасында Өзлем Чакыроглу менен Беркин Уста, лыжадан секирүү боюнча Фатих Арда Ипчиоглу, лыжа менен чуркоо жарышында Өзлем Черен Думан, Айшенур Думан жана Юсуф Эмре Фырат катышат.

Фуркан Акар Пекинде муз тебүү боюнча 1000 метр кыска аралыкта жарышат.

 



Тектеш кабарлар