Эфес - Бавария беттешине Ковид-19 тоскоолу
Баскетбол оюндары жылдырылды.
1756521
Түрк аба жолдору THY Европа Лигасынын 19-аптасында 7-январда өткөрүлүшү керек болгон Анадолу Эфес-Бавария Мюнхен беттеши кочкул көк-ак командадагы коронавирус учурларынан улам кийинкиге жылдырылды.
Анадолу Эфес клубунун билдирүүсүндө, аныкталган Ковид-19 учурларынын натыйжасында матч тайпасында кеминде 8 оюнчу боло албагандыктан Бавария Мюнхен беттешинин кийинкиге калтырылганы белгиленди.
Беттештин датасы жана убактысын Европа Лигасы жарыялайт.
Ошол эле учурда ALBA Берлин - Панатинаикос жана Жальгирис - Олимпиакос беттештери да Ковид-19 учурларынан улам кечеңдетилди.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.