2021 "Алтын топтун" ээси Месси болду

2021-жылы "Алтын топ" сыйлыгынын ээси "Пари Сен-Жермендин" аргентиналык футболчусу Лионель Месси болду.

1740469
2021 "Алтын топтун" ээси Месси болду

2021-жылы "Алтын топ" сыйлыгынын ээси "Пари Сен-Жермендин" аргентиналык футболчусу Лионель Месси болду.

Месси бул сыйлыкты 7-ирет жеңип алды.

Жылдын мыкты футболчусуна берилген "Алтын топ" сыйлыгы France Football журналы тарабынан 1956-жылдан берилүүдө.

Бирок 2020-жылы коронавирус эпидемиясынан улам берилбей калган сыйлык Франциянын борбору Париждеги Шателет театрында өткөрүлгөн аземде ээсин тапты.

Сэнди Хериберт жана бир канча убакыт Галатасарайда да ойногон мурдагы футболчу Дидье Дрогба аземди алып барышты.

2009, 2010, 2011, 2012, 2015 жана 2019-жылдары да сыйлыкты алган Месси жетинчи жолу "Алытн топ" сыйлыгын алып өз рекордун жаңылады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 2 - орунду Бавариядан  польшалык Роберт Левандовски, 3 - орунду Челсиден италиялык Жоржиньо алды.

Мыкты аял оюнчу сыйлыгы "Барселонанын" испаниялык  коргоочусу Алексиа Путелласка ыйгарылды.

 



Тектеш кабарлар