Түркиялык волейболчу кыздар жеңишке жетишти
Түрк командасы кийинки беттешинде Финляндиянын өкүлү LP Saloго конок болот.
1738417
Түркиянын волейбол боюнча VakıfBank кыздар командасы CEV Чемпиондор Лигасынын В тайпасынын биринчи оюнунда Италиянын Веро Воллей Монза командасын 3-1 эсебинде жеңди.
35 упайга ээ болгон Вакыфбанктын волейболчусу Изабель Хаак беттештин эң мыкты оюнчусу болуп тандалды.
Түрк командасы CEV Чемпиондор Лигасындагы кийинки беттешинде 9-декабрь бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө Финляндиянын өкүлү LP Saloго конок болот.