Бильярдда алтын медаль кубанычы...
Эйлүл Кибароглу бул кубанычты экинчи жолу башынан өткөрдү.
1730830
Антальяда чөнтөк бильярд боюнча Европа чемпионаты өттү.
Улуттук бильярдчы Эйлүл Кибароглу финалдык беттешүүдө нидерландиялык Тамара Радемакерс менен ойноду.
Кибароглу 10 топ дисциплинасында нидерландиялык атаандашын 6-2 эсеби менен жеңе алды.
2007-жылы Чехияда өткөрүлгөн Европа чемпионатында алтын медалга ээ болгон Эйлүл Кибароглу бул кубанычты экинчи жолу башынан өткөрдү.
Улуттук бильярдчы: «Мен өз талаабызда алтын медалды жеңип алганыма абдан кубанычтамын жана сыймыктанам. Эми дүйнөлүк чемпионатка кезек келди»,-деди.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.