Михрач Аккуш дзюдо боюнча Европа чемпионатында үчүнчү орунду алды

Венгрияда башталган 23 жашка чейинки дзюдо боюнча Европа чемпионатында улуттук спортчу Михрач Аккуш 60 килограммда коло медалга ээ болду.

1730217

Түркиянын дзюдо федерациясынын билдирүүсүнө караганда Михрач борбор шаар Будапешттеги беттештин биринчи туруна чыккан жок.

Экинчи раундда голландиялык Эмиэль Жаргинди иппон менен жеңип, чейрек финалга чыккан Михрач италиялык Биадио Д Анжелого утулуп, репеяда калды.

Бул турда испаниялык Жауме Бернабеу Рикону, коло үчүн таймашта орусиялык Константин Симеонидисти иппон менен жеңген Михрач Аккуш үчүнчү орунду алды.

Тектеш кабарлар