Шахика Эржүмен 100 метрге чумкуп дүйнө рекордуна жетти
Улуттук суучул Шахика Эржүмен дүйнөлүк рекорд үчүн Антальянын Каш районунда бир демде 100 метрге чумкуду.
Улуттук суучул Шахика Эржүмен дүйнөлүк рекорд үчүн Антальянын Каш районунда бир демде 100 метрге чумкуду.
Эркин чумкуу боюнча дүйнөлүк рекордгодун ээси Эржүмент палетсиз өзгөргөн салмак категориясында бир демде 100 мтер тереңдикке түштү.
Улуттук суучул Эржүмендин Каш муниципалитетине караштуу Инжебогаз социалдык объектилеринин жакындарында (Түркия Республикасынын негизделгенинин) 98 жылдыгына арналган бир демде 100 метр менен аялдар жана эркектердин арасындагы дүйнөлүк рекордду жаңылоо аракетин Каш районунун акими Шабан Арда Языжы жана мэр Мутлу Улуташ да коштоду.
Палетсиз жана түтүксүз 100 метр тереңдикке 2 мүнөт 53 секундда түшкөн Шахика Эржүмен, 98 метрден дагы тереңдикке чумкуп, дүйнөлүк рекордду Республиканын 98 жылдыгына жана Мехметчикке арнагысы келгенин айтты.
Абдан бактылуу жана сыймыктуу экенин белгилеген Эржүмен: "Бул дүйнөлүк рекорд менен климаттык кризис, глобалдык ысынуу жана гендердик теңчилик сыяктуу маселелерге да көңүл бургубуз келди",- деди.