Галатасарай Орусиянын талаасында...

Борбор шаар Москвадагы "Локомотив" стадионунда боло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.

1722696
Галатасарай Орусиянын талаасында...

Түркиянын өкүлү Галатасарай, УЕФА Европа Лигасынын Е тайпасынын 3-жумасында бүгүн Орусиянын Локомотив Москва командасынын коногу болот.

Борбор шаар Москвадагы "Локомотив" стадионунда боло турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.

Беттешти Австриянын футбол федерациясынан калыс Харальд Лехнер башкарат.

Тайпадагы биринчи беттешинде өз талаасында Италиянын Лацио командасын 1-0 эсебинде уткан сары-кызыл команда, экинчи беттеште Франциянын өкүлү Олимпик Марсель менен 0-0 эсебинде тең чыкты.

Эки беттештин жыйынтыгында 4 упайга ээ болгон Галатасарай лидерлик орунда отурат.

Сары-кызылдар Орусиянын тааласында жеңишке жетишип лидерлигин сактап калууну каалашат.

Москва Локомотив болсо Олимпик Марсель менен 1- 1 эсебинде тең чыгып, Лациого 2-0 эсебинде утулду жана тайпада акыркы орунду ээледи.

Тайпанын берки беттешинде Италиянын өкүлү Лацио Франциянын Олимпик Марсель командасын тосуп алат. Рим олимпиадалык стадионунда өтө турган беттеш Түркия убактысыбоюнча саат 19.45те башталат.



Тектеш кабарлар