Фенербахченинин коногу Роял Антверпен
Фенербахче бул сезондо Европа Лигасында атаандашын жеңүү менен биринчи жеңишине жетүүнү көздөп жатат
Фенербахче командасы бүгүн УЕФА Европа Лигасынын D тайпасынын 3 - жумасында Бельгиянын Роял Антверпен командасын кабыл алат.
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 19.45те башталат. Беттешти орусиялык калыс Сергей Иванов башкарат.
Группада бир тең чыгуу жана бир жеңилүү болгон Фенербахче бир балл менен 3 - орунда турат.
Биринчи беттеште Германиянын Айнтрахт Франкфурт командасы менен 1-1 эсебинде тең чыккан сары- көк команда, экинчи жумада конок кылган Грециянын командасы Олимпиакоско 3-0 эсебинде утулду.
Фенербахче бул сезондо Европа Лигасында атаандашын жеңүү менен биринчи жеңишине жетүүнү көздөп жатат.
Тайпанын алгачкы 2 беттешинде Олимпиакоско 2-1 жана Франкфурт Эйнтрахтка 1- 0 эсебинде утулган Роял Антверпен эч кандай упай топтой алган жок.